Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Атамбаевдин жубайы ооруканага жаткырылды

Кыска кабар | 4 мая 2022 | 6511 | 0

Кыргызстандын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева ооруканага жаткырылды.

Бул тууралуу саясатчы Темирлан Султанбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Анын айтымында, Атамбаева жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөп, алы кеткендиктен 10 күндөн бери кардиология бөлүмүндө жатат.

«Алмазбек Атамбаев соттун чечими менен текшерилип, дарылануусу тууралуу чечим чыккан, бирок бир жума өтсө да соттун чечими аткарылбай жатат. Урматтуу бийлик, врачтарга Алмазбек Шаршеновичти дыкат текшерип, дарылаганга мүмкүнчүлүк бериңиз, өзгөчө бул боюнча соттун чечими бар» , — деди Султанбеков.

Атамбаев ден соолугуна байланыштуу сот отурумдарына катыша албай турганын айтып, бир нече жолу нааразылык билдирген. Андан кийин 25-апрелде Бишкектин биринчи май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов Атамбаевдин ооруканага жатып дарылануусу боюнча чечим чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM