Биз менен байланышыңыз

Азия биринчилиги: Айсулуу Тыныбекова бутунан жаракат алып, жеңилип калды

Кыска кабар , Спорт | 22 Апр 2022 | 1533 | 0

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль алды.

62 кг салмакта күрөшкөн балбан кыз Айсулуу Тыныбекова беттештерин чейрек финалдан баштап, алгачкы кармашында монгол кыз Хонгорзул Болдсайханды 7:1 эсебинде жеңген. Ал эми жарым финалда өзбек кыз Набира Эсенбаеваны далысын килемге басып, 6:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алган.

Финалда жапон кыз Нонока Озаки менен бет келип, 9:1 эсебинде жеңилип калды. Айсулуу бутунан жаракат алып калганына байланыштуу беттешти мөөнөтүнөн мурда токтотууга аргасыз болушту.

Айта кетсек, башка салмактагы балбан кыздар айлампалык система менен, ал эми 62 кг салмактагы балбан кыздар олимпиадалык система менен күрөштү.

Айсулуу Тыныбекова Азиянын төрт жолку, Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Олимпиада оюндарында күмүш медалдын ээси. Эгемен Кыргызстандын тарыхында күрөштүн олимпиадалык түрлөрү боюнча Дүйнө чемпиону болгон алгачкы спортчу. Кыргызстандан Чынгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын, «Даңк» медалын, II даражадагы «Манас» орденин алган, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери.

Азия чемпионаты: Айсулуу Тыныбекованын медалын алууга Айпери Медет кызы чыкты

Copyright © 2017 Maral FM