Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Айсулуу Тыныбекованын медалын алууга Айпери Медет кызы чыкты

Кыска кабар , Спорт | 22 Апр 2022 | 4466 | 0

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде 62 кг салмактагылар арасындагы жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанатына Айсулуу Тыныбекованын ордуна Айпери Медет кызы чыкты.

Айсулуу Тыныбекова Азия биринчилигидеги беттештерин чейрек финалдан баштап, алгачкы кармашында монгол кыз Хонгорзул Болдсайханды 7:1 эсебинде жеңген. Ал эми жарым финалда өзбек кыз Набира Эсенбаеваны далысын килемге басып, 6:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алган.

Финалда жапон кыз Нонока Озаки менен бет келип, 9:1 эсебинде жеңилип калды. Айсулуу бутунан жаракат алып калганына байланыштуу беттешти мөөнөтүнөн мурда токтотууга аргасыз болушту.

Айта кетсек, башка салмактагы балбан кыздар айлампалык система менен, ал эми 62 кг салмактагы балбан кыздар олимпиадалык система менен күрөштү.

Азия биринчилиги: Айсулуу Тыныбекова бутунан жаракат алып, жеңилип калды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM