Биз менен байланышыңыз

Улан-Батор-2022: Акжол Махмудов Азия чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 19 Апр 2022 | 589 | 0

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта Акжол Махмудов алтын медаль тагынды.

Махмудов чейрек финалдан тарта күрөшүп, алгачкы беттешинде ирандык балбан Ареф Мозафарды 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алган. Жарым финалда кореялык Ким Хён У менен кез келип, 4:1 эсебинде утуп, финалга чыккан.

Финалда казакстандык Максат Ережеповду 3:1 эсебинде жеңип, 77 кг салмакта Азия чемпиону аталды.

Айта кетсек, турнирдин бүгүнкү айлампасында килемге чыккан беш балбандын төртөө финалда беттешүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.

Буга чейин 63 кг салмакта Тынар Шаршенбеков алтын медаль тагынган. Алдыда 87 кг салмакта Мелис Айтбеков менен 130 кг салмакта Роман Ким коло медаль үчүн беттешет.

Күрөш боюнча Азия биринчилиги 24-апрелде жыйынтыкталат.

Улан-Батор-2022: Тынар Шаршенбеков Азия чемпиону болду

Copyright © 2017 Maral FM