Биз менен байланышыңыз

Улан-Батор-2022: Тынар Шаршенбеков Азия чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 19 Апр 2022 | 785 | 0

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде грек-рим күрөшүнөн 63 кг салмакта Тынар Шаршенбеков алтын медаль тагынды.

Кыргызстандык балбан чейрек финалдан тарта күрөшүп, алгачкы беттешинде индус балбан Нераж Неражды 10:4 эсебинде, жарым финалда өзбек балбан Исламжан Бахрамовду 13:7 эсебинде утуп, финалга өткөн.

Финалда казак балбан Мирамбек Айнагуловдун далысын килемге басуу менен мөөнөтүнөн мурда жеңип, 63 кг салмакта Азия чемпиону аталды.

Айта кетсек, турнирдин бүгүнкү айлампасында килемге чыккан беш балбандын төртөө финалда беттешүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Алдыда 77 кг салмакта Акжол Махмудов алтын, 87 кг салмакта Мелис Айтбеков менен 130 кг салмакта Роман Ким коло медаль үчүн беттешет.

Күрөш боюнча Азия биринчилиги 24-апрелде жыйынтыкталат.

Copyright © 2017 Maral FM