2022-2024-жылдарга Бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Документ бажы кызматын модернизациялоо, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу жолу менен тышкы сооданы өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган.
Концепция кыска жана орто мөөнөттүү мезгилге бажы кызматын өнүктүрүүнүн жана бажылык башкарууну жакшыртуунун негизги багыттарын аныктоочу документ болуп саналат.