Биз менен байланышыңыз

Эмгек министрлиги: Кыргызстанда 76 миң 900 адам жумушсуз

Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 243 | 0

Бул жылдын биринчи кварталында иш менен камсыз кылуу кызматтарында 101,7 миң адам каттоодо турган, алардын ичинен 76,9 миң адам расмий жумушсуз статусуна ээ. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Улутук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда ишке жарамдуу калк 2 млн 595,4 миң адамды, ал эми иш менен камсыз болгон калктын саны 2 млн 445,2 миң адамды түзөт.

Биринчи кварталда республика боюнча жумушсуздуктун деңгээли ишке жарамдуу калктын санынын 3%ын түздү. Расмий жумушсуздуктун жогорку деңгээли Баткен (6,1%) жана Жалал-Абад (5%) облустарында байкалат. Ал эми төмөн деңгээли Бишкек шаарында (1,3%) жана Чүй облусунда (1,6%) катталган.

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишке орноштуруу кызматтарына 44,5 миң адам кайрылган.

Азыркы учурда 3,4 миң адам ишке орношту. 1644 адам эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча — газ электр ширетүүчү, чач тарач, компьютер оператору, 1С билими бар бухгалтер, ашпозчу, тигүүчү, кеңсе менеджери, электр куроочу, айдоочу боюнча кесиптик окутууларга жөнөтүлгөн. Ал эми 2450 адам акы төлөнүүчү коомдук иштерге жиберилген. 157 жаран жумушсуздук боюнча жөлөк пул алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM