Биз менен байланышыңыз

Акы төлөп унаа айнегин караңгылатуу жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 679 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзамдын максаты республикалык бюджетке салыктык эмес келип түшүүлөрдү көбөйтүү жана акы төлөө негизинде унаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга мыйзамдуу түрдө уруксат берүү болуп саналат.

Мыйзамга ылайык, айдоочу унаа айнегин ыйгарым укуктуу өкүлдүн уруксаты жок караңгылатса, жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүчтүн (20 миң сом), юридикалык жактарга 400 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (40 миң сом) айып пул салынат.

Алымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Министрлер кабинетинин чечими менен аныкталат.

Дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, унаалардын терезелерин караңгылатуу өнүккөн өлкөлөрдө, мисалы, АКШ, Япония, Кытай жана башка ушул сыяктуу мамлекеттерде колдонулат.

Ошондой эле транспорт каражаттарынын маңдайкы айнегин же алдыңкы эшиктердин каптал айнектерин караңгылатуу акы төлөө негизинде Өзбекстан жана Тажикстан  өлкөлөрүндө да уруксат берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM