Эртең, 12-апрелде Бишкектин борбордук бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Саат 09:00дөн 19:00гө чейин Панфилов, Фрунзе, Манас проспектиси жана темир жол линиясы тарапта суу өчүрүлөт.
Маалыматка караганда, Тоголок Молдо атындагы суу алгычта жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо, тейлөө иштери жүргүзүлөт.