9-апрелде Ош шаарында массалык ишембилик өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Шаардын аймагын тазалоого бардык мекеме-ишканалардын, муниципалдык кызматтардын эмгек жамааты, саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринин, анын ичинде жогорку окуу жайлардын жана бала бакчалардын кызматкерлери, жалпы тургундар активдүү катышты.
Ишембиликтин алкагында айлананы таштандылардан арылтуу, бак-дарактарды актоо, мекеме-ишканалардын фасаддарын жуу жана сырдоо, тротуарларды жана арыктарды тазалоо иштери жүрдү.
«Ош-Тазалык» ишканасынан билдиришкендей, таштанды таштоочу жайга 1800 куб метрден ашык таштанды чыгарылды.