Биз менен байланышыңыз

10-апрелде көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 9 Апр 2022 | 419 | 0

Эртең, 10-апрелде түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26;

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20;

Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күңдүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +25…+27 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM