Эртең, 10-апрелде түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26;
Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21;
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20;
Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күңдүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +25…+27 градус болот.