Биз менен байланышыңыз

Сулайман Рысбаев: Көчө сөздөрү расмий чөйрөгө чейин колдонулуп жатат

Балдардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө, адеп-ыйманга үндөөгө, кыял чабытын өстүрүүгө салымын кошуп, алар үчүн кызыктуу аңгеме-жомок, окуу куралы сыяктуу албан эмгектерди жазып келаткан КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, балдар жазуучусу, акын, педагог-профессор, эгемендиктен кийинки «Алиппенин» автору Сулайман Рысбаев «Марал» радиосунун «Мен жана мезгил» программасында конокто болду.

— Балдардын окуу китептери, мектепте колдонулуп жаткан окуу куралдары, сөз маданияты туурасында сиз менен кеңири маек куралы. Чыгармачыл инсандар дайыма изденүү жолунда. Маекти соңку учурда жарык көргөн китептериңизден баштасак…

— Элибиздин нарк-насили, улуу баалуулуктары жөнүндө бир топ ойлонуп, эки чоң китеп чыгардым. Биринчи китеп «Кыргыздын баалуулуктары жана нарктуу түшүнүктөрү» деп аталат. Анда элибиздин нарк-насилин, каада-салт, үрп-адатын, ырым-жырымын, айтор, түрдүү баалуулуктарын системага салгам. Азыркы күндө жакшы кабыл алынып, окулуп жатат. Эки жылдын ичинде эки жолу басылып чыкты.

Андан тышкары «Элибизди, жаштарды, мектеп балдарын кайсыл багытта тарбиялоо керек? Бизге кандай тарбиялык багыт керек?» деген суроонун негизинде «Кыргыздын элдик педагогикалык ойлорунун антологиясы» деген 50 басма табактан турган экинчи китепти чыгардым. Ага байыркы Орхон-Енисей таш жазууларындагы ыйманга, мекенчилдикке тарбиялаган сөздөрдөн баштап, бүгүнкү күндөгү кыргыздын акылмандарынын, чечендеринин, мыкты окумуштууларынын ойлоруна чейин камтылды.

— Балдарга арналган көп китептин, окуу куралынын авторусуз. Кыргызстанда балдар жазуучулары саналуу. Бала дүйнөгө кантип аралашып калдыңыз? 

— Бала кезимдеги сезимден уланып келе жатат. Өзүм чоң үй-бүлөдө төрөлүп өстүм. Ошол кездеги баштан өткөн жоруктарды ырга кошуп, 2-3-класстан баштап, ушул дүйнөгө аралаша баштагам. Мектепте «сабакка келбеген, ээнбаш балдардын окуяларын жаз» деп, эжейлер да мага тапшырма берчү. Бир күнү Турар Кожомбердиевдин «Көлчүктөгү ай» деген китеби колума тийип калды. Ошондон тарта балдар үчүн ыр жаза баштадым. Алгачкы ырларым сакталбай калды. Ал эми студент кезимде аңгеме жазып жүрдүм. Ошол кезде «Кыргызстан пионери» гезити бар эле. Ыр, аңгемелерим гезит беттерине чыгып жүрдү.

Чыгармачылыкка баш-отум менен киришкеним эгемендиктен кийин башталды. Айылда 10 жылдай иштеп, кийин шаарга келип, Билим берүү академиясына жумушка орношуп, окуу китептерин жаза баштадык. Ошол кезде балдар үчүн ырлар, ангемелер, жомоктор  керек болуп калды. «Мыкты пионер», «комсомол», «октябрят» деген ырлар унутта калып, алардын ордун толуктоо үчүн кыргыз балдарынын окуялары, турмушу жазылышы керек болуп, мен ырааттуу жаза баштадым. Кийинчерээк китептер кеңири жазыла баштап, ошондон соң балдар адабияты абдан керек экенин аңдадым. Айрыкча мага белгилүү балдар жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиевдин: «Ээ, балам, сен балдар үчүн жазат турбайсыңбы? Башканы кой да, балдар үчүн жаз», — дегени багыт бергендей болду. 1996-жылы биринчи китебим чыкты. Ушул тармакты тереңден изилдеп көрүп, акыры өзүмдүн салымымды кошууну чечкем.

— Баланын мээсине маалымат сиңирүүдөгү куралдын бири – китеп. Азыркы балдардын китепке кызыгуусу кандай?

— Жакшы китеп — балдар үчүн майрам. Бирок Союз кездегидей жанталашып, үңүлүп окуу деген азыр кичине тартыш болуп калды. Эгемендикке жеткенден кийин кыргыз балдары дээрлик китеп окубай калды. Анткени «хаос» мезгил башталып, ата-энелердин көңүлү балдарды китеп менен камсыз кылууга эмес, эптеп курсагын тойгузуп, мектепке аман-эсен жибергенине, акча төлөгөнүнө эле бурулуп калды. Мектепте сабакты окутуудан башка тарбиялык иштер жөнгө салынбай калды. Баягыдай китепкана деген жок. Окуу китептерден башка бир да көркөм адабият чыкпай калды. Өкмөттүк басмаканалар жоюлуп, менчик басмаканалар айрым акчалуулардын китептерин чыгарып калышкан. Мына ошол кезде балдар окумак турсун, китепке зар болушкан. Ал убакта биз да жазып, китептерибизди чыгарып жаттык. Бирок, беш жүз нускадан ашпайт. Аны 5 мектеп эле 100 нускадан алса түгөнөт да. Азыр Кыргызстанда бир куракта миңдеген бала бар. 1-класстан 4-класска чейин мугалимдер балдарды жомок, аңгеме айтып берип жатып, кичине окутат. Мына ошондой кезде китеп жетиштүү эмес. Анын каатчылыгы, таңсыктыгы билинди.

— Балдар үчүн «Алиппе» китеби качан жаңыланган? Дагы кандай толуктоолорду киргизсе болот?

— «Алиппе» китебин окуунун, тарбиялоонун симбиозу деп коёт. Билим, тарбия, окуу жана таанытуу камтылат. Ошол үчүн бул китеп өзгөчө жанрда болушу керек. Менин китебим 1998-жылы жазылып, 1999-жылы Москвадан кооздолуп чыгып келди. Ошол калыбында бир канча жыл окулду. Бир аз толуктоолор болду. Ал эми баарын кайрадан оңдоп-түздөө үчүн чоң акча талап кылынат. Ошол үчүн министрлик да көп шашкан жок. Бул китептин ичине кыргыздын элдик баатырлары, «Манас» эпосу, Мекенибиз Кыргызстан экени таанытылып, кыргыздан чыккан белгилүү адамдарды, баалуулуктарды көрсөтүп, сүйлөө өнөрүн, сөздү үйрөтүү менен жазылса, анда албетте салмактуу, мазмундуу китеп болот. Менин китебим эки-үч ирет эле оңдолуп, азыркы күнгө чейин окутулуп келе жатат.

— «Алиппе» китебине берилген кыска ырлар көзөмөлдөн өтүп, балдардын жаттоосуна ылайык тандалабы?

— Кийинки жылдарда башка «Алиппе» кошулуп, чыгып келе жатат. Ал китеп «ура, ура» деген темп менен жазылып, министрлик чет элдик каржылоочу мекемелердин акчасына даярдаттырып, жеке менчик басмаканалар тааныштарына, тажрыйбасы жок адамдарга жаздырып коюшат да, өйдө-төмөн учурлар көп катталып калат. Адегенде китеп сыноого чыгып, мектеп мугалимдери тарабынан байкалып, окуучулар үчүн түшүнүктүү болушу керек. Ошондо балдарга жаккан, мугалимдердин сынынан өткөн китеп гана туруктуу чоң нуска менен чыгышы зарыл. Азыркы чыккан «Алиппе», «Кыргыз тили» китептери андай көзөмөлдөн өткөн жок. Мына жакында билим берүү министри: «Бардык окуу китептерин жаңылабасак, билим берүүнү жөнгө сала албайбыз», — деди. Буюрса, күтөлү.

— Сөздүн кадыр-баркы кандай азыр? Сүйлөө маданияты туурасында кеп кылалы…

— Сөз деген — бул ооздун жели эмес. Сөз деген – нарк, өнөр. Мен «Сөз жөнүндө сөз» деген китеп жазгам. «Сөздүн кадырын, баркын билебизби? Аны туура сүйлөйбүзбү?» деген ойдон улам жаралган китеп. Сөз — элдик педагогиканын феномени. «Сөз маданияты, сөз энергиясы» деген ойлор китеп ичинде камтылат. Бул китеп беш-алты жолу басылып чыкты. «Бир адамдан бир китеп» долбоору элге жакшы таратып жүрөт.

«Бата менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт» дегендей эле батадагы ар бир айтылган сөз адамды өзгөртөт. Себеби, улуу инсандардан бата алган адам ал сөздү ичинен кабыл алып, өзгөрөт. Демек, кадыр-барктуу адамдын бир ооз сөзү эле башкаларды көкөлөтүп, бийиктетип коёт.

Сөздүн салмагы, күчү, өңү, даамы, жыты бар. Адам дарегине бир жаман сөз укса, жан дүйнөсүнө түн түшүп, айланасы капкараңгы болуп калат. «Сөздү билген адам сүйлөсө, ырдап тургансыйт» деп бекеринен айтылбаган да. Адегенде бөбөктөр эненин сүтү менен, андан соң мээрим, сүйүү, чоңойгондо китеп, жакшы сөз, үлгү менен азыктанат. Булар — жашоодогу эң маанилүү нерселер. Дайыма жакшы сөз угуп, үлгүлүү жүрсө, жан дүйнөсүнө жакшылыктар бир кирпичтен коюлуп куралат. Ошол үчүн окумуштуулар этногендик, психогендик, биогендик, социогендик чөйрөлөргө бөлүшкөн. Адам кандай биогендик чөйрөдө төрөлүп, кандай социалдык шартта чоңоюп калыптанганы да абдан маанилүү.

Тилде түндүк, түштүк, ичкилик диалектилер бар да. Ар бир жактын өзгөчөлүктөрү байкалат. Ал эми ар тараптын башын бириктирген Бишкекте сүйлөө маданият таптакыр башкача калыптанып калды. Баары чалмакей чалып, балдардын сөзүн сүйлөп калышты. Маселен, «барчык, келчик, биз жооп бериш керекпиз, барыш керекпиз» жана башка. Кичинекей балдар эркелеп, кээде түрдүү нерселерди кошуп сүйлөшөт да. А ошону туурап, чоңдор, кызматтагылар, трибунада белгилүүлөр сүйлөп калышты. Ошондой эле телефондогу билдирүүлөрдү да жөндөп жаза албайбыз. Көчө сөздөрү расмий чөйрөгө чейин колдонулуп жатат.

— Бир класста 25-30га чейин окуучу окушу зарыл. Бирок азыр 40-45тен бала окуп жатат. Мугалим мынча балага билим берип үлгүрөбү? 

— Окуучу бир күндө 6 саат сабак окуса, ошол сааттын ичинде 200гө жакын тыюу сөз угат экен: «ары караба, бери кара, сүйлөбөй отур, унчукпа» жана башка. Адамдын ичиндеги акыл-эс, абийир тормозу болмоюн, бул сөздөр таасир этпейт. 1-класстын баласы 20 мүнөт тынч олтура албайт. Анткени ал курактагы баланын мүнөзү ошондой калыптанган. Кийинки күндөрү «Билим берүү эмес, билим алуу технологиясы» деген концепцияны, системаны иштеп чыксамбы?» деген ойдо жүрөм. Азыр ата-эне баласынын билим алуусун бүт эле мугалимге жүктөп койду. Өзүлөрү жумушта жүрүп, кечинде баласынын окуу куралдарын салып коюу менен гана чектелет. Ошол үчүн «Жуманын бир күнүн «ата-энелер күнү» деп жарыяласак кандай болот?» — деп, социалдык тармактарга суроо салдым. Көпчүлүгү колдоого алышты. «Мугалимди эмес, балабызды көзөмөлдөө үчүн бир барып көрүп коюшубуз абзел» деген ойлор айтылды. 800гө жакын ата-эне «баламда «билим алам» деген сезим ойгонсо» деди. Япония мамлекетинде бир класста 60-65 бала отурат экен. «Мугалим ошончо балага кантип жетишет?» деген ой жашабай койбойт. Ал өлкөдө тескерисинче, ар бир бала: «Мен окуюн, билим алайын, мугалимдин тапшырмасын алып, иштейин», — деп барат. Ошондой маанай менен мектепке келет. Баланын тагдырына мугалим жоопкер. Ал кандай тарбияласа, үлгү көрсөтсө, ошондой болот экен.

— Акыркы убакта чыккан китептер көбөйдү. Ар кандай жанрда жарык көрүүдө. Китеп жазуу адеби, маданияты кандай болуп жатат?

— Кыргыз эли таланттуубуз. Эки кыргыз бириксе, бирөөсү ыр, жомок жазат. «Балдарга арналган кандай китептер чыгып жатат?» — деп китеп дүкөндөргө көп баш багып турам. Балдар адабиятынын профессионал өкүлдөрүнүн китептери дээрлик чыкпай калды. Азыр жомокчулар көбөйүптүр. Бир тууган Гриммдер немис элинин 700дөй жомогун чогултуп, китеп кылып чыгарышкан. Ошонун ичинен «Гүлала» жомогу кооздолуп, тасма да болгон. Мен да кыргыздын жомокторун 3 том кылып чогулткам. Ошонун ичиндеги айталы, «Акыл Карачачтын» «Гүлала» жомогунан эмнеси кем? «Өтүкчөн мышык» жомогу «Чокчолой баатыр» жомогунан кыйынбы? Биз эмне үчүн ушундай деңгээлде чыгара албайбыз? Демек, бул жерде мамлекет түстүү кылып чыгарганга анча көңүл бурбайт экен.

Бала өзүнүн образын китептен көрүшү керек. Аларга арнап аңгеме жазуу — тозоктун тозогу. Шүкүрбек Бейшеналиевдин «Сүзөнөөк козу» аңгемеси эмне деген шедевр чыгарма? Ушундай өлбөс-өчпөс аңгемелер көп жаралса дейт элем.

— Башка өлкөнүн окутуу методикасына көз салып турасызбы? Балдар китептеринде эмнелер камтылган?

— Балдар үчүн китептерди шведдер, немистер жакшы чыгарат экен. Аларда «сүрөттүү китеп» деп коюшат. Бир аңгемеде окуянын ичиндеги ар бир кырдаал өзүнчө сүрөт болуп тартылат экен.

— Маек соңун жалпы журтка каалоо-тилек менен жыйынтыктайлы… 

— Мугалим кандай болсо, улуттун келечеги ошондой болот. Устат мугалимдер кыргыз баласын жакшы тарбиялап, өзүнүн үлгүсүндө жакшы билим, жакшы багыт берсе, сөзсүз түрдө келечеги кең болот.

Улуулар наркыбызды сакташыбыз керек. Ар бир ата-эне, кызмат адамы, эжелер, агалар, мырзалар, айымдар, чоң аталар, чоң энелер улуттун нарк-насилин сактап, башкаларга үлгү көрсөтпөсөк, элибизди жакшы жолго баштай албайбыз.

Конфуцийдин «күчтүү падыша мыйзам менен, мыкты падыша нарк менен башкарат» дегени бар. Нарк — улуттун тирөөчү. Алар урап түшсө, улут жоголот. Насил — башатындагы деген сөздү түшүндүрөт. Демек, башатындагы карманган нерселер түбөлүк калыптанып, элди сактайт.

Атайбек Бөдөшов: 90-жылдары маданият үйүн малкана кылып, китептерди сыртка ыргыткан айылдар болгон

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM