Биз менен байланышыңыз

Рысбаев: Азыркы балдарга китеп жазуу оңой эмес

Билим-маданият | 23 Апр 2019 | 1295 | 0

23-апрель — Дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү. Бул датаны ЮНЕСКО 1995-жылы бекиткен. Аталган күндү Кыргызстанда да белгилеп, ар кандай иш-чараларды элге тартуулап келет. Негизи бул күнгө карата кандай иш-чаралар өтөт? Коомдун китеп болгон кызыгуусу канчалык? Мына ушул суроолордун айланасында жасалган иликтөөнү назарыңыздарга сунуштайбыз. 

Кыргызстанда Дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү 2002-жылдан тарта белгиленип келет. Жыл сайын иш-чаралар өткөрүлүп, элди китепке кызыктырууга далалат күч. Китеп палатасынын жетекчисинин орун басары Кален Сыдыкованын айтуусунда, жыл сайын мамлекет тарабынан чыгып жаткан китептер үчүн атайын сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылып келет. Быйыл дагы аталган саамалык уланып, апрель айынын соңунда жыйынтык чыгарын айтты.

— Дүйнөлүк китеп күнү Кыргызстанда белгиленгенине жыйырма жылдай болуп калды. Биз дагы башка мамлекеттер сыяктуу эле атайын иш-чараларды өткөрүп келебиз. Мамлекет тарабынан ар кандай: алсак, китептин кооздугу, саны жана сапаты боюнча сынактар жарыяланат. Быйыл дагы сынак жарыяланган, ушул айдын аягында жыйынтык чыгат. Жеңүүчүлөргө каралган сыйлыктар бар. Мындан сырткары, дүйнөдө өтүп жаткан кароолорго катышып, ар кандай байге алып келгендер да катталган.

«Улуу-Тоолор» басмаканасынын директору Жумадин Кадыров жылдан-жылга китептердин саны дагы, сапаты дагы өскөнүн айтып кубанды. Аны менен катар жаштардын көпчүлүк агымы кесиптик билим алуу менен гана чектелбей, кошумча акыл-эсти азыктандыра турган китептерди окуп жатканына токтолду.

— Бүгүнкү күндө мамлекетибизде көптөгөн китептер басылып жатат. Акыркы беш жылды алып карап көрсөк, китептердин сапаты жана окурмандардын саны боюнча кыйла эле жылыш бар. Мындай кадамдар, албетте, бизди кубандырбай койбойт.

Баарыбыз билген «Алиппе» китебинин автору, Сулайман Рысбаев замандын балдарына китеп жазуу кыйла эле оор экенин айтат. Себеби, учурдун балдарын таң калтыруу кыйын.

— Учурдун балдарына ылайыктап китеп жазуу да оор болуп калды. Себеби, заманбап технологиянын доорунда балдарды таң калтыруу бир топ эле кыйын. Ошондуктан, жаш балдардын психологиясын билишим, алардын дүйнөсүнө киришим керек. Балдар үчүн атайын сайттарга кирем, окуйм, алар эмнени көрсө, мен да ошолорду көрүп, анан көркөм чыгармага айлантам. 

Кошумчалай кетсек,23-апрелде дүйнөлүк адабияттын көч башында турган, атактуу классик жазуучулар Сервантес менен Шекспир дүйнөдөн кайткан. Ошондуктан, ЮНЕСКО бул күндү символикалык мааниси бар деп, майрам катары кабыл алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM