Биз менен байланышыңыз

9-апрелде жаан жаайт

Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 176 | 0

Кыргызстанда 9-апрелде түнкүсүн Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

Бийик тоолуу жолдордо кар жаайт. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22;

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күң күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +23…+25 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM