Кыргызстанда 9-апрелде түнкүсүн Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.
Бийик тоолуу жолдордо кар жаайт. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22;
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22;
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күң күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +23…+25 градус болот.