Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Бийликте Бакиевди Кыргызстанга алып келгенге кызыкдар топ бар

Кыска кабар | 7 Апр 2022 | 1482 | 0

Учурда камакта жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев апрель окуясынын 12 жылдыгына карата кайрылуу жасады. Экс-президент учурда Кыргызстанда авторитардык системаны жандандыруу саясаты жүрүп жатат деп эсептейт. Ал эми кээ бир инсандар Бакиевди алып келип, анын алдына килем төшөөгө толук даяр экенин кошумчалады.

«Бүгүн биз Апрель элдик революциясынын дагы бир жылдыгын белгилеп жатабыз. Мындан туура 12 жыл мурун коррупционер, канкор Бакиев режиминен үмүтү үзүлгөн мекендештерибиз Өкмөт үйүн басып алышкан. Карапайым элдин жини кайнап, «Ала-Тоо» аянтындагы гранаталардын жарылуусу, Ак үйдөн ок түрүндө жааган мөндүр, шериктеринин өлүмү аларды токтоткон жок.

Ошол кандуу күндөрдө 87 кыргызстандык каза болгон. Миңге жакын адам жаракат алган. Алардын ичинен 70ке жакыны акыркы 12 жылда каза болгон. Мындай ачуу бааны биздин эл Бакиевдердин үй-бүлөлүк-кландык режимин жеңгени үчүн төлөдү».

Алмазбек Атамбаевдин айтымында, Апрель революциясынын баатырларынын эрдиги бүгүнкү күндө унутулуп, бүгүнкү бийликте отургандардын көбүнүн оозун жабууну каалап жатышат.

«Биздин көз алдыбызда акыркы бир жарым жыл Кыргызстанда авторитардык режимди ишенимдүү кайра жандандырып, Бакиевдик режимдин эң жакын колдоочуларын жандантып, Апрель революциясынын эстелигин акырын өчүрүп, демократиянын жана сөз эркиндигинин жетишкендиктерин чектеп жатат», — деди ал.

Экс-президент, качкын мамлекет башчы Акаев Кыргызстанга эч нерсе болбогондой келип, аны лимузинге салып суракка алып кетип, анан бошотуп, элдин алдында бардык күнөөсүн кечирип жатканына нааразы.

«Алар өлүм жазасына тартылган аксылыктарды да, туура эмес колго өтүп кеткен Кумтөрдү да кечиришти. Анан ошол эле жол менен бир канча убакыттан кийин качкын президент Бакиевди Кыргызстанга алып келип, анын алдына кызыл килем төшөлүшү мүмкүн экенин түшүнүп турабыз. Бул маселени бийликтин жогорку эшелонундагы белгилүү бир күчтөр түртүп жатат.

Апрель элдик революциясынан кийин шерменделик менен кызматын таштап кеткен аткаминерлер кантип жогорку кызматтарга кайтып жатканын көрүп жатабыз. Ал эми бүгүн, бул эстен кеткис күнү алар кубаныч менен колун ушалап, дагы бир жолу бийликти басып алышты. 12 жылдан бери издөөдө жүргөн Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча эң негизги айыпталуучунун канчалык сабырдуу келип, милицияга багынып жатканын көрүп жатабыз. Анан сот процесси кандай өтүп жатканын көрүп жатабыз. Бакиевдердин тушунда журналисттерди, оппозицияны кантип өлтүрүшкөнү эсибизде. Ал эми бүгүнкү күндө оппозициянын муунтуп жатканын, журналисттерди, блоггерлерди, укук коргоочуларды кантип суракка сүйрөп жатканын, анан аларды кантип камап жатышат көрүп жатабыз» , — деп жазган Алмазбек Атамбаев.

Ал «бардыгын мурундан жетелеп жүрүү — көпкө чейин жеткирбейт» деп эсептейт.

Мурдагы мамлекет башчынын айтымында, Акаев элди 15 жыл, Бакиев 5 жыл алдады.

«Ар бир жаңы башкаруучу келген сайын Кыргызстандын эли алдамчылыкка, коррупцияга жана диктатурага чыдамсыз болуп баратат. Бийлик муну унутпашы керек. Президент Жапаров элдин ишенимин акташы керек. Эл дагы деле мамлекет башчысына чоң ишеним артып, анын айткандарына ылайык адилет, чынчыл, туура кадамдарды күтүп жатат», — деп экс-президент кайрылуусун жыйынтыктады.

Copyright © 2017 Maral FM