Бугүн, 7-апрелде, президент Садыр Жапаров «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Апрель революциясында курман болгон баатырлардын элесин эскерди.
Мамлекет башчысы 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюп, куран окулду.
Андан соң чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитинде куран окулду.
Иш-чарага ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов, Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун Төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык Соттун Төрагасы Эмил Өскөнбаев, экс-Президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана КР Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү катышты.
![](https://maralfm.kg/wp-content/uploads/2022/04/277806256_5073493392697296_8984728037869336235_n-1024x650.jpg)
![](https://maralfm.kg/wp-content/uploads/2022/04/277808789_5073495979363704_5930788772411202923_n-1024x821.jpg)
![](https://maralfm.kg/wp-content/uploads/2022/04/277796055_5073495502697085_7789768815589910007_n-1024x721.jpg)