Биз менен байланышыңыз

Элдар Алишеров Экономика министринин орун басарлыгынан бошотулду

Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 197 | 0

Элдар Алишеров Экономика жана коммерция министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алишеров бул кызматка 2021-жылдын февраль айында дайындалган. Ага чейин 2018-жылы да министрдин орун басары болгон.

6-апрелде Экономика жана коммерция министрине эки орун басар дайындалды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-мартта кол койгон буйруктун негизинде, Чоро Сейитов министрдин биринчи орун басары, Вероника Исаева орун басары болуп дайындалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM