Биз менен байланышыңыз

Кыргыз эл акыны Омор  Султанов акыркы сапарга узатылды

Кыска кабар | 5 Апр 2022 | 416 | 0

Бүгүн, 5-апрелде Кыргыз Республикасынын эл акыны, жазуучу, котормочу, сценарист, коомдук ишмер Омор Султанов акыркы сапарга узатылды.

Коштошуу зыйнатына Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Президенттин Ысык- Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин депутаттары, акын-жазуучулар, коомдук, маданий ишмерлер, туугандары жана кесиптештери катышты.

Анда Омор Султановдун өмүрү, чыгармачылыгы, эмгек жолу, көзү тирүүсүндө жасаган эмгектери сыймыктануу менен эскерилди.

Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилди.

Омор Султанов 2022-жылдын 3-апрелинде 86 жашында дүйнөдөн кайтты.

Copyright © 2017 Maral FM