Кыргызстанда 5-апрелде жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28;
Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +16…+21;
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +24…+26 градус болот.