Биз менен байланышыңыз

Кыргыз эл акыны Омор Султанов дүйнө салды

Кыска кабар | 3 Апр 2022 | 2009 | 0

Кыргыз эл акыны Омор Султанов 87 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу «Маралга» Жазуучулар союзунан кабарлашты.

Акын, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султанов Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган.

Ал ХХ кылымдын соңундагы кыргыз поэзиясындагы жаңы агымдын өкүлү болгон. Кыргызстан Жазуучулар биримдигинин төрагасы (2007-2009) болуп иштеген. «Жаңы Ала-Тоо» журналын негиздегендердин бири (2009).

1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, «Ала-Тоо» журналында эмгек жолун баштаган. 1971-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын 2-катчысы, СССР Жазуучулар союзунун текшерүү комиссиясынын мүчөсү, Алыкул Осмонов атындагы адабий бирикменин жетекчиси болгон.

1980–1986-жж. кайрадан Кыргыз Жазуучулар союзунун катчысы болуп, Кыргызстан коммунисттеринин XIII съездинде Борбордук Комитеттин мүчөлүгүнө шайланган.

Омор Султановдун чыгармалары, макалалары 1953-жылдан баштап жарык көрө баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Тоо күндөрү» деген ат менен 1961-жылы чыккан. «Кыргызфильм» киностудиясы тарабынан экрандаштырылган «Төкмө», «Жазуучу», «Ак куулар конгон айдың көл» ж.б. даректүү жана көркөм фильмдердин сценарийлерин жазган.

Кыргыз прозасында мурда болбогон курч окуялуу жанрдагы «Пираты поневоле», «Остров дракона», «Таинственный всадник», «Вести с того света» деген романдардын сериясын орус тилинде жазып, (немец жазуучусу Лео Герман менен бирдикте) жарыкка чыгарган.

Султановдун чыгармалары орус, англис, немец, испан, француз, мон-гол, поляк, украин, венгер, словак, чех ж. б. тилдерге которулган. Ал А.Пушкин, М.Лермонтов, Бартольд Брехт, Пабло Неруда, Габриела Мист-раль, В.Маяковский, Н.Хикмет, К.Кулиев, Р.Гамзатов, И.Драч, Э.Межелайтис ж.б. акындардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

1985-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 1992-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» ардак наамы, 1995-жылы «Манас» эпосуна миң жыл медалы берилген. Эл аралык «Руханият» сыйлыгынын ээси, II жана III даражадагы «Манас» ордени, Казакстандын Президентинин Жарлы-гы менен «Астана» аттуу Алтын медаль менен сыйланган. 2007-жылы Же-невадагы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалына татыктуу болгон. 2008-жылы Россиянын Ломоносов атындагы, Достук ордендери менен сыйланып, Россиянын коомдук тартипти сактоо жана коргонуу академиясынын академиги болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM