4-апрелде Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Парламенттик угууга катышуу үчүн мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү чакырылат.
Алдын ала каттоо жана кошумча маалымат алуу телефондору: 0312 63-92-04, 0773-82-92-46
Парламенттик угуу Жогорку Кеңештин жыйналыштар залында саат 14.00дө башталат.