Биз менен байланышыңыз

Оппозиция: Бардык президенттердин тушунда оппозициялык кыймыл болуп келген

Блог , Маек | 1 Апр 2022 | 12747 | 0

Оппозициялык көз караштагы саясатчылар, укук коргоочулар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрүнөн турган «Бириккен демократиялык кыймыл» түзүлдү. Алар негизинен үч максатты көздөйт: демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, сот реформасын ишке ашыруу, кризис жана жакырчылык менен күрөшүү жаатында бийликке сунуштарды берүү. Кыймыл дагы кандай иштерди алып барат? Кененирээк негиздөөчүлөрүнүн бири, саясатчы Равшан Жээнбеков менен маек курдук.

— Бишкекте «Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы» аттуу оппозициялык уюм түзүлгөнү айтылды. Ага кимдер мүчө болду жана кандай максаттарды көздөйт?

— Кыймылды мен, саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Марат Мүсүралиев, укук коргоочу Рита Карасартова, активист Перизат Суранова жана башкалар демилгеледик. Кыймылдын аталышы: «Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы». Бул — оппозициялык кыймыл. Себеби Кыргызстанда жаңы бийлик келгенден бери оппозиция болгон жок. Эми 1,5 жылдан кийин бийликке оппозиция боло турган кандайдыр бир уюм болушу керек. Ошондуктан ушундай уюм түзөлү деп чечтик. Уюмдун кичинекей эле 2-3 максаты бар. Биринчиси, Кыргызстан кайрадан авторитардык өлкөгө айланды. Акыркы эки жылдагы эл аралык изилдөөлөрдү карай турган болсок, өлкө мурдагыдай жарым-жартылай эркин эмес, толугу менен авторитардык өлкө болуп калды. Экинчиси, өлкөдө соттук-укуктук система толугу менен бузулуп, учурда толугу менен президентке жана УКМКга көз каранды болуп отурат. Биз алардын эгемендигин карай турган реформаларды талап кылабыз. Үчүнчүсү, Кыргызстанга оор экономикалык кризис келди, ага оппозициялык альтернатива катары кризиске каршы программаларды иштеп чыгып сунуштайбыз.

— Бирок кыймыл түзбөй туруп деле сунуш бере аласыздар да. Бул кыймыл эмнеси менен айырмаланат, берилген сунуштарды кабыл албаса, башка жолдорго барасыздарбы?

— Кыймылдын эшиги бардык каалоочуларга ачык, эч кимдин жеке менчиги эмес. Бул мыйзам чегинде иш кыла турган саясий уюм болуп эсептелет. Кыймылы жок деле ар ким өзүнчө иштей берсе болот, бирок дүйнөлүк практикада дайыма оппозиция партияларга карабастан, жеке жарандардын иштерине карабастан, бир уюмга биригет. Ар бир президенттин тушунда ушундай оппозициялык бириккен уюмдар болот. Биз ошондой салттуу жол менен эле биригип, кыймыл түздүк. Ал эми сунуштарыбызды бийлик кабыл алабы, албайбы, билбейбиз. Анткени, бийлик бардык эле сунушту кабыл ала бербейт да. Негизи көз карашыбызды массалык маалымат каражаттары аркылуу айтып берип турабыз.

— Мындан башка да максаттары болушу мүмкүнбү? Себеби «жалаң бийликке жетпей калгандар биригип алыптыр» деген сын-пикирлер айтылууда? 

— Эми бизде билгендер, билбегендер же бийликчилдер ушинтип айтышат. Мен 20 жылдан бери оппозицияда жүрөм, ушундай сөздөрдү, аргументтерди жок дегенде төрт-беш жолу угабыз. Бул жерде бийликке жетпей калган эч ким деле жок. Баары көптөн бери эле бийлиги жок жүрөт. Азыркы күндө кызмат берсе, бирөөлөр эми кетип калышы мүмкүн же кетпейт. Биз аны билбейбиз. Бирок жанагындай айтылган сөздөр — жөн гана сөздөр. «Кызмат тийбей калгандар оппозиция болуптур» деп айта берсе болот, эми бийликтин табияты ушундай. Баары бийлик үчүн күрөшөт, аракет кылат. Негизгиси, мыйзамдуу талаада болушу керек. Бийлик үчүн мыйзамды бузбай күрөшүү — дүйнөлүк маданият.

— Кыймылга кошулууну каалагандар кимге кайрылат?

— Биз кыймылдын координатору кылып Макен Абыловду шайладык. Ал уюштуруу иштерин алып барат. Калганыбыз жөнөкөй мүчөлөрбүз. Уюмдун төрагасы болбойт деп чечтик. Ачык уюм болгондуктан каалагандар кирет, каалагандар чыгып кетет.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!

Copyright © 2017 Maral FM