«Сапат» эл аралык билим берүү мекемелеринин окуучулары Улуу Британиянын биология боюнча олимпиадасында 4 алтын, 5 күмүш жана 4 коло медаль утуп алышты. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Биология боюнча олимпиада онлайн форматта 12-март күнү өткөн. Ага дүйнө жүзү боюнча 700 мектептен 10 миңден ашык окуучу катышкан. Арасында «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин лицейлеринин окуучулары да болгон.
Тапшырмалардын жыйынтыктары боюнча «Сапаттын» окуучулары 4 алтын, 5 күмүш жана 4 коло медаль утуп алышты.
Жеңишке жеткен окуучулардын тизмеси:
- Алмазов Алай, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 10-класс – алтын медаль
- Марат уулу Рахман, И. Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи, 10-класс – алтын медаль
- Абдисаматов Нурислам, Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи, 10-класс – алтын медаль
- Жумагулов Бекмырза, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класс – алтын медаль
- Момуналиев Арслан, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 10-класс – күмүш медаль
- Темиралиев Умар, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класс – күмүш медаль
- Курманбеков Сагындык, Ош «Сема» лицейи, 11-класс – күмүш медаль
- Келдибеков Бектемир, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 10-класс – күмүш медаль
- Гаипов Данияр, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 9-класс – күмүш медаль
- Жуманалиев Далер, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи, 11-класс – коло медаль
- Карыпжанов Байзак, «Манас-Ата» Талас лицейи, 9-класс – коло медаль
- Камытов Улукбек, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класс – коло медаль
- Жолдошбеков Илим, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 11-класс – коло медаль.