Connect with us

Эл каттоо: Чет өлкөдө иштеп жаткан мигранттар кантип катталат?

Кыска кабар | 27 Мар 2022 | 593 | 0

Кыргызстанда 25-марттан тарта калкты жана турак жай фондун каттоо башталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамдарга ылайык, мамлекеттин бардык жараны, өлкөдөгү чет элдик жарандар, жарандыгы жоктор жана чет жерде бир жылдан ашпаган мөөнөт жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары катталууга тийиш. Кыргызстандын аймагында бир жыл же андан ашык жүргөн чет өлкөлүктөр үчүн алгачкы жолу атайын форма иштелип чыккан, ал эл каттоонун жүрүшүндө колдонулат.

Калктын айрым категориялары (аскер кызматчылары, түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар, ошондой эле чет мамлекеттеги республиканын дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнүн персоналдары) кыргыз Өкмөтү тарабынан белгиленген тийиштүү органдар аркылуу каттоодон өтөт. Сыртта жүргөн мекендештер да каттоого алынат. Алар үчүн атайын №4 форма берилет.

Каттоо 3-апрелге чейин өткөрүлөт. Ал эми алыскы аймактарда өнөктүк 23-апрелден 2-майга чейин жүргүзүлөт. Каттоонун алдын ала жыйынтыгы сентябрь-октябрь айларында, ал эми расмий жыйынтыгы жылдын аягында жарыяланат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM