Connect with us

Акыркы суткада коронавирус 11 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 27 Мар 2022 | 315 | 0

Кыргызстанда 27-мартка карата коронавирус 11 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 9, Чүй облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 16 адам илдеттен сакайып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 89 бейтап, амбулатордук түрдө 52 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 879 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 170 киши айыгып, 2 миң 984 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM