Биз менен байланышыңыз

Быйыл Баткендин жолун оңдоого 650 млн сом бөлүндү

Коом | 22 Мар 2022 | 730 | 0

Эки жылдан бери жол оңдоо иштери солгундап кетти. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министринин орун басары маалымат жыйында билдирди. Коронавирус пандемиясынан улам жол тармагынын бюджети 70%га кыскарганына байланыштуу иштер көбүнчө негизги жолдордо гана жүргүзүлдү. Бөлүнгөн каражаттын 30%ынан көбү насыялык карыздан кутулууга жумшалды. Былтыркы жылдын башында 1 млрд сомдон ашык карыз болсо, азыр 853 млн сомго түштү.

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайыңбаев быйыл Баткендин жолун оңдоого бюджеттен 650 млн сом бөлүнгөнүн кабарлады. Ал эми былтыр 250 млн сом бөлүнгөн.

«2022-жылы Баткен облусунун жолун оңдоого 650 млн сом бөлүндү. Баткен облусун өнүктүрүү стратегиясына ылайык, приоритеттүү долбоорлорго жыл сайын 500 млн сом каралган. Бирок, быйыл облустагы чек ара айлампа жана эвакуациялоочу жолдорду куруу долбоорлорунун тизмесинде 37 объект киргизилип, 650 млн сом бөлүндү. Анын негизинде 24 чакырым жолго асфальт-бетон, 361 чакырым жолго шагыл төшөлүп, үч көпүрөнүн курулушу бүткөрүлөт. Мындан тышкары 46,5 чакырым жолдун долбоордук документтери даярдалган. Эгер болжолдуу түрдө алып карасак, 8-9 жылдын аралыгында бүтүп калабыз».

Быйыл өлкөдөгү жолдорду оңдоо боюнча 13 инвестициялык долбоор бар. Анын ичинде 11 долбоор ишин баштоо алдында турса, 2 долбоор боюнча тендердик процесс жүрүп жатат.

Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун мониторинг жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Тагай Алимбаев быйыл «Бишкек-Кара-Балта» жолу бүтөрүн кабарлады.

«Бүгүнкү күндө «Бишкек-Кара-Балта» жолунун 45 километрине толугу менен асфальт төшөлдү. Бул жолдун курулуш иштери 2022-жылдын ноябрь айында толугу менен аяктаары пландалууда. Ал эми «Маданият-Жалал-Абад» жолуна 45 чакырым асфальт төшөлдү. Бул жолдун жалпы узундугу — 67 км. Быйыл көпчүлүк жолдорго асфальт төшөө иштерин бүтүрүү пландалып жатат. Ал эми «Түндүк-Түштүк» альтернативалык жолу боюнча 5 реконструкциялык долбоор иш алып барууда. Ал 2023-жылы бүтөт деген план бар».

Министрликке караштуу Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Бекназар Базаралиев ушул жылы өлкө боюнча 220 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлөрүн айтты.

«Ат-Башы району боюнча «Калинин-Өзгөрүш» жолу, Ак-Талаа району боюнча «Кош-Дөбө-Баетов» жолдоруна асфальт төшөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Жалпысынан алып караганда, буга чейинки бөлүнгөн акчага максимум 130 чакырым жолго асфальт төшөй алчубуз. Ал эми быйылкы жылы ушул көрсөткүчтү 228 километрге көтөрдүк. Мындан сырткары Нарын облусундагы жолдордун көпчүлүгү шагыл жол болуп эсептелет. Андыктан шагыл төшөө иштерин жүргүзөбүз. Тогуз-Торого кара шагыл төгүү иштерин пландаштырып келебиз».

Министрлик билдиргендей, өлкөдөгү жолдорду куруу жана оңдоо иштерине быйыл жетиштүү каражат бөлүнүүдө. Учурда бюджеттен 2 миллиарддан ашык сом бөлүнсө, кошумча 945 млн сом бөлүү каралып жатат. Быйыл жергиликтүү, мамлекеттик жана эл аралык маанидеги жолдордо оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM