Connect with us

Быйыл мамлекеттин эсебинен 103 айылда таза суу чыгат

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Мар 2022 | 424 | 0

Быйыл республикалык бюджеттен 103 айылга суу чыгаруу үчүн акча бөлүндү. Бул тууралуу Суу департаментинин өкүлү Шамшиддин Халов «Маралдын» эфиринде билдирди.

103 айылдын көпчүлүгүнүн долбоорлук-сметалык иш кагаздары даярдалды, 86 обьектиде курулуш жүргүзүлүүдө.

«Көпчүлүгүндө курулуш башталып, бирок бүгүнкү күндө убактылуу токтоп турат. Алардын да долбоорлук-сметалык иш кагаздарын толук даярдап, курулуш иштерин баштайбыз», — деди ал.

Андан тышкары Өнүктүрүү жана инвестиция агенттиги (АРИС) 95 айылга суу киргизүүнү каржылап берет.

Кудай берген сууга эмнеге акча төлөйбүз? (адистин жообу)

 

Copyright © 2017 Maral FM