Быйыл республикалык бюджеттен 103 айылга суу чыгаруу үчүн акча бөлүндү. Бул тууралуу Суу департаментинин өкүлү Шамшиддин Халов «Маралдын» эфиринде билдирди.
103 айылдын көпчүлүгүнүн долбоорлук-сметалык иш кагаздары даярдалды, 86 обьектиде курулуш жүргүзүлүүдө.
«Көпчүлүгүндө курулуш башталып, бирок бүгүнкү күндө убактылуу токтоп турат. Алардын да долбоорлук-сметалык иш кагаздарын толук даярдап, курулуш иштерин баштайбыз», — деди ал.
Андан тышкары Өнүктүрүү жана инвестиция агенттиги (АРИС) 95 айылга суу киргизүүнү каржылап берет.