Кыргызстанда жылына 100-150дөй бала Даун синдрому менен төрөлөт. Бул тууралуу «Сорос Кыргызстан» фондунун маалыматында айтылат.
21-мартта Даун синдрому менен төрөлгөндөрдүн Дүйнөлүк күнү белгиленди.
Медицинада «Трисомия-21» деген термин менен белгиленген Даун синромуна Жер шарынын ар бир сегиз жүзүнчү-миңинчи баласы кабылат.
Бул — башкача генетикалык абал, мындан улам баланын өнүгүүсүндө, саламаттыгында жөн адамдан айырмалап турган өзгөчөлүктөр болот. Синдром адамдын хромосомалык топтомунун өнүгүшүн шарттайт, ал оору болуп саналбайт, адамга жагымсыздык жаратпайт.
Кыргызстанда «Трисомия-21» менен төрөлгөн балдардын расмий статистикасы жок, бирок дүйнөлүк тенденцияны эске алуу менен бул диагноз менен 100-150 бала төрөлөт деп эсептөөгө болот.
Азыркы дүйнөдө Даун синдромуна кабылган адамдар – окууга, иштөөгө, үй-бүлө курууга жөндөмдүү социумдун активдүү мүчөлөрү.
«Трисомия-21ге» чалдыккан балдарга медициналык, пхиологиялык, педагогикалык, маалыматтык жардамды эрте берип баштаган өтө маанилүү.