Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 17-20-мартта Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
18-19-мартта Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан карга айланышы мүмкүн.
Унаа жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
17-19-март күндөрү Кыргызстандын тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайын болот жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу чуңкур аймактарды суу каптайт. Дарыялардагы суунун денгээли көтөрүлүү коркунучу жогорулайт.
Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда,
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),
198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
Суусамыр-Талас-Тараз 1-14 чакырымдарында (Өтмөк ашуусу),
Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 68-101, 108-113 чакырымдарында,
Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында,
Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында,
Бишкек-Нарын-Торугарт 292-305 чакырымдарында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы),
Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси),
60-94 чакырымдарында (Карагөө ашуусу)
Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү күтүлөт.
18-21-март күндөрү өлкө аймактарында абанын температурасы төмөндөйт.
Эртең, 20-мартта түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +1…+6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;
Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан жаап, карга айланат.
Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +1…+3 градус болот.