Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кочкор тарабынан бараткан тилкеси ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Учурда Нарын тарабынан келаткан тилкесин ачуу иштери жүрүп жатканы кабарланды. Көчкүнү сүрүүгө, кар тазалоого 25 куткаруучу 12 кар жүктөөчү унаа, 1 грейдер, 3 эксковатор, 1 бульдозер менен иштеп жатышат.
Жолго чыгып, өтө албай турушкан жүргүнчүлөр үчүн Кочкор районунун Сары-Булак, Нарын районунун Оттук айылдарына атайын жылынуучу пункттар уюштурулуп, жергиликтүү администрация жана Кызыл жарым ай коому тарабынан шарттар түзүлүп берилүүдө.
Айта кетсек, 17-мартта Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Долон ашуусуна көчкү түшүп, жол жабылып калган. Көчкүнүн көлөмү болжолдо 1 млн 125 миң куб метр экени айтылды. Учурда 80 миң 300 куб метри тазаланып бүттү.