Биз менен байланышыңыз

Сирияга кетүүгө даярданып жүргөн чет элдиктер Кыргызстандан кармалды

Кыска кабар | 19 Мар 2022 | 200 | 0

УКМК диний-экстремисттик жана террордук топторду аныктоо жана бөгөт коюу алкагында, Кыргызстандын аймагында эл аралык террордук уюмдардын радикалдык идеяларын жайылтууга катышкан чет өлкөлүк жарандардын тобу кармалды.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, кармалгандар чет мамлекеттин 1995-жылы туулган Н.Ш.М., 1998-жылы туулган Р.Т.С. аттуу жарандары. Алар Кыргызстандын аймагын транзит катары пайдаланып, Сириядагы согуштук аймакка кетүү максатында  жалдоо иштерин жүргүзүп жүрүшкөн.

Азыркы учурда УКМК эл аралык террордук уюмдарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштерин улантууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM