Биз менен байланышыңыз

Прокуратура: Тоң районундагы бала бакча мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 18 Мар 2022 | 207 | 0

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн токтому менен 2010-жылы «Х» коомдук уюмуна бала бакчанын имараты, короо жайы менен мыйзамсыз берилип кеткени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Социалдык имаратты мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура сотко доо арыз менен кайрылып, арыз толук канааттандырылган.

Баасы 20 млн 46 миң сомдук бала бакчанын имараты короо жайы менен мамлекетке кайтарылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM