Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирус 11 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 18 Мар 2022 | 107 | 0

Кыргызстанда 18-мартка карата коронавирус 11 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 4, Ош облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 31 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 112 бейтап, амбулатордук түрдө 97 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 787 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 16 киши айыгып чыкса, 2 миң 977 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM