Биз менен байланышыңыз

Аксы жана Апрель окуяларын чагылдырган көргөзмө ачылды

Кыска кабар | 17 Мар 2022 | 320 | 0

Улуттук тарых музейинде 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында курман болгондордун элесине арналган даректүү сүрөт көргөзмө ачылды.

Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, тарыхчылар, маданият ишмерлери катышты.

Көргөзмөдө окуя учурунда тартылып калган сүрөттөр жана архивдик документтер коюлган.

2002-жылдын 17-мартында Нарындагы Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине жана ошол кездеги бийликтин бул кадамына каршы чыккан Азимбек Бекназаровдун камакка алынышына нааразы болгон эл Аксыдан Бишкекке жөө жүрүш жасаган. Аларды токтотуу үчүн Боспиек айылынан күч түзүмдөрү тосуп чыгып, эки тараптын кагылышынан 6 адам каза таап, 70тен ашык адам ар кандай жаракат алган.

2010-жылы 7-апрелде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин башкаруу саясатына нааразы болгон эл митингге чыккан. Чогулгандарды кууп таратмакчы болгон бийликтин аракетине эл жаалдуу каршылык менен жооп берип, милиционерлерди «Форум» имаратынын алдынан «Ала-Тоо» аянтына чейин таш менен кууп келишкен. Дал ушул жерден калк снайперлердин огуна тутулуп, ошол күнү 87, жалпы 118 адам көз жумган, бир нече адам жаракат алган. Көтөрүлүштүн соңу Бакиевдин качуусу, бийликтин алмашуусу менен аяктаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM