Биз менен байланышыңыз

Академиктерде өчү барбы? Парламентте Бейшеналиевге чара көрүү сунушталды

Кыска кабар | 17 Мар 2022 | 2176 | 0

Жогорку Кеңештин 17-марттагы жыйынында айрым депутаттар саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин белгилүү академиктерге кылган мамилесине нааразылык билдиришти.

Эл өкүлү Бактыбек Сыдыков президентке, министрлер кабинетинин төрагасына маалымат жеткирип, аткаминерлер мамлекеттик кызматкердин этикасын сактабай жатышканын айтып барууну өтүндү.

Ошондой эле ал Алымкадыр Бейшеналиевдин белгилүү дарыгерлерге кылган мамилесине чара көрүүнү, министрди Эрнст Акрамовдон кечирим суратууну талап кылды.

«Биз Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишине кийлигишпейбиз. Министр реформаларын туура багытта жасап жатат. Бирок анын улуу академик Эрнст Акрамов сыяктуу адамдарга кылган мамилесине көз жуумп коё албайбыз. Акрамов 85 жашта. Ал бүт өмүрүн саламаттыкты сактоо тармагына арнады. Жашаган үйү жок, туугандары жок, ошол үчүн ал өзү иштеген ооруканада жашап жаткан. Ушундай адамды министр «лопух» деп атаганга такыр акысы жок» , — деди депутат.

Дагы бир эл өкүлү Камила Талиева саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин хирургдарга карата өчү же өксүгү бардай сезилерин айтты.

Учурда аларга жасалып жаткан мамиле мазактоого барабар экенин белгилеп, министрдин этикага туура келгендей иш кылуусун талап кылды.

«Мамлекеттик кызматкердин этикасына ныпым туура келбеген иштерди жасап жатат. Буга көңүл буруу болушу керек. Анын өксүгү же өчү барбы? Өксүгү бардай бардык хирургдарды мазактап жатат. Мына Жалал-Абадда Калдарбек Абдраманов деген кардиохирург бар, аны да кызматтан алыптыр, бир-эки даана калган хирургдарыбызды сактайлы. Эмне деген саясат жүрүп жатат? Албетте, министрдин реформаларын колдойлу деп жатабыз, бирок ал да мазактоолорун токтотсун. Бүт соцтармакта уят болуп жатат», — деди депутат Талиева.

Парламенттин спикери Талант Мамытов бардык маселе мыйзам чегинде чечилиши керектигин, түшүнүктөр менен жашабай, саламаттыкты сактоо министрине чара көрүп, тиешелүү чечимдер кабыл алынышы керектигин айтты.

14-мартта Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылып, хирург Эрнст Акрамов иштен алынганын министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирген. Борбордун түзүмү өзгөрүп, ага жаңы башкы дарыгер дайындалган.

85 жаштагы хирург Эрнст Акрамов ошол ооруканада жашай турганы да белгилүү болгон. Буга байланыштуу 15-мартта жарандык активисттер жана дарыгерлер Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институтунун жабылышына каршы пикирлерин билдирип, кайрылуу жасашкан. Алар Акрамовдун ысымын ооруканага ыйгарып, өзүнө жашай турган үй берүүнү сунушташкан.

Парламенттин депутаты Исхак Масалиев да Эрнст Акрамов ишсиз калып, жашаган жери да жок болуп жатканын айтып, ага үй берүү мүмкүнчүлүгүн кароону өтүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM