Биз менен байланышыңыз

Коронавирус менен күрөшкөн медкызматкерлердин 90%ы кенемте ала элек

Кыска кабар | 17 Мар 2022 | 145 | 0

Коронавирус пандемиясы учурунда «кызыл тилкеде» иштеген медицина кызматкерлеринин 90%ы мамлекет убада кылган кенемтени азыркыга чейин ала элек. Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунун байланыш координатору Кубан Сагынбеков билдирди.

Айта кетсек, Демократия жана жарандык коом коалициясы «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу астында «COVID-19 пандемиясы шарттарында Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин укуктарын коргоо» долбоорун уюштурган.

Долбоор иштеп баштагандан тарта коалициянын «тынымсыз байланыш» телефонуна 250дөн ашуун кайрылуу түшкөн. Алардын дээрлик 90%ы COVID-19 пандемиясында иштегени үчүн мамлекет берүүгө тийиш болгон кенемтени алалбай келишерин айтышкан.

«2020-жылдын апрелинде КР Өкмөтү иш учурунда коронавирус жугузган медкызматкерлерге 200 миң сом, ал эми каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом өлчөмүндө кенемте төлөнөрүн билдиргени биздин эсибизде. Кийин, 2021-жылы кенемтенин суммасы азайтылып, өзгөрүлдү», — деп айтылат маалыматта. 

Долбоордун уюштуруучулары бардык маалыматтык материалдар coalition.kg сайтында жайгаштырылганын, эгер медицина кызматкерлеринде кандайдыр бир көйгөй жаралган болсо, ушул жерден онлайн кеңеш, кеңири түшүндүрмө алса болорун айтышат. Ошол эле учурда 0(501) 72-59-11 номери аркылуу да кабарлашып турууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM