Биз менен байланышыңыз

Казакстанда шайлоо өткөрүүнүн жаңы эрежелери иштелип чыгат

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 240 | 0

Казакстанда шайлоо өткөрүүнүн жаңы эрежелери иштелип чыгат. Бул маалымат президент Касым-Жомарт Токаевдин элге жасаган кайрылуусунда айтылды.

Токаевдин айтымында, ал өзгөртүүлөр саясатты кайра куруу, адилеттүү шайлоо болушуна шарт түзүү жана монополияны жоюуга багытталат.

Казакстандын президенти өлкөсү фундаменталдуу реформаларга муктаж экенин, антпесе январь окуясы кайра кайталанарын белгиледи.

Мамлекет башчынын сөзүндөгү негизги маселелер (шайлоо боюнча):

  • Президенттин саясий партияга мүчө болуусуна тыюу салынат;
  • Аймактардын акимдери партиялардын филиалдарын жетектебейт;
  • БШКнын, Эсеп комитетинин жана Конституциялык кеңештин төрагалары жана мүчөлөрү партиядан чыгарылат;
  • Сенаттагы (парламенттин жогорку палатасы) президенттик квота он бештен онго түшүрүлөт;
  • Казакстан элинин ассамблеясынын Мажилистеги (парламенттин төмөнкү палатасы) квотасы тогуздан бешке түшүрүлөт;
  • Мыйзам кабыл алуу Мажилиске, ал эми бекитүү же бекитүүдөн баш тартуу Сенатка жүктөлөт;
  • Облустардын жана республикалык маанидеги шаарлардын акимдерин кыйыр шайлоо киргизилет, президент акимдерди атаандаштык негизде тандап алат;
  • Парламент депутаттарынын 70%ы пропорционалдык система менен, 30%ы мажоритардык система менен шайланат;
  • Партияларды юридикалык каттоонун босого өлчөмү төрт эсеге кыскарат, тагыраагы, мурда 20 миң мүчөсү болушу керек болсо, азыр 5 миң адам менен деле партия түзө алат;
  • Шайлоо алдында социалдык тармактарда үгүт жүргүзүү мыйзам менен жөнгө салынат;
  • Шайлоолордо талапкерлерге салым кошуу максатында жарандар, юридикалык жактар тарабынан ыктыярдуу берилүүчү акчанын жогорку чеги белгиленет, тагыраагы, канча суммага чейин бере алары такталат.

Токаев андан тышкары бийлик менен элге көпүрө боло турган Улуттук курултай түзүүнү сунуштады. Анын курамына коомдук уюмдардын өкүлдөрү, депутаттар кирет.

Президенттин сунуштары кабыл алынса, Конституцияга 30дан ашык өзгөртүү киргизилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM