Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети Исфана шаарына Исхак Раззаковдун атын берүүнү колдоду

Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 213 | 0

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери боюнча комитети «Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө» мыйзам долбоорун үч окууда карап, жактырды.

Мыйзам долбоору көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун элесин түбөлүк калтырууга багытталган.

Исхак Раззаковдун ысымы Исфана шаарына берилерин президент Садыр Жапаров былтыр, 25-декабрда мамлекеттик ишмердин 110 жылдыгына карата өткөн салтанаттуу иш-чарада айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM