Бишкек менен Чүйдөгү 9 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы токтотулду. Бул тууралуу Улукттук банктын расмий сайтына жарыяланды.
Алмашуу бюролорунун лицензиялары мыйзамдарды жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын бузганы үчүн алынган.
16-марттан 30-мартка чейин жабылган акча алмаштыруучу жайлар:
Бишкектеги «Ариет финанс», «Ордо Финанс Плюс», «Нурислам Лтд», «Азамат финанс».
16-марттан 25-мартка чейин:
«АЯТ НУР», «Рашидик», «Интегро Ко», «Баймак Финанс» жана Чүйдүн Аламүдүн айылындагы «Исхак жана Исаак» аталышындагы акча алмаштыруучу жайлары убактылуу иштебей турат.