Биз менен байланышыңыз

Бишкекте эки айда 56 миң 996 жол эрежесин бузуу катталган

Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 176 | 0

Бишкекте эки айда жол эрежесин бузган айдоочуларга 21 миллион 401 миң 750 сом айып салынды. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар боюнча жалпысынан 56 миң 996 протокол түзүлгөн.

Булардын ичинен 600 айдоочу мас абалында кармалган; 372 айдоочунун күбөлүгү жок болгон; 7 айдоочу автобейбаштык жасаган; 144 айдоочу алдыңкы жана каптал терезеси караңгылатылган унаа айдап жүрүп кармалган; 1890 жөө адам жана велосипедчен адам жол эрежесин бузган; 14 миң 870 айдоочу коопсуздук курун колдонуу эрежесин бузган; 32 миң 912 айдоочу унаасын туура эмес жерге токтоткон.

Андан тышкары 19 миң 181 протокол башка да эреже бузуулар боюнча жазылган.

Жалпысынан 3 миң 889 унаа айып короосуна жеткирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM