Биз менен байланышыңыз

Бир эле суроону 8 депутат берди. Мадумаров кесиптештерин сындады (видео)

Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 3309 | 0

Жогорку Кеңештин 16-марттагы жыйынында Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана макулдашуу экинчи окууда каралды.

Келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунун алкагында, Бишкекке жаңы автобустар алынат.

Талкуу эки жарым саатка созулганын жана демилгечилер бир суроого 8 жолу жооп берүүгө аргасыз болушканын эл өкүлү Адахан Мадумаров айтып чыкты. Ал кесиптештерин тартипти сактоого чакырды.

«Көп суроо берилди. Эки жарым саат талкууладык, бирок келишимдин бир чекити же үтүрү алмашкан жок. Ушундай практиканы токтотуу керек. Мен атайын «акыркы киши сүйлөп алсын, дагы жаман көрүнбөйүн» деп күтүп отурдум. Эффективдүүрөөк иштегенге аракет кылбайлыбы? Биз ал келишимдин үтүр, чекитин өзгөртө албайбыз. Биз келишимди жактырабызбы же жактырбайбызбы, ушул гана милдетибиз бар. Кандай ишке ашарын өкмөт аткарат да. Келгиле, мыйзам тууралуу сөз кылалы. Бул залдан чыгып кетип, кайра киргендер буга чейин айтылгандарды укпай, бир суроону кайталап берип жатышат. Бир эле суроону 8 депутат берди. Төрагалык кылуучулар же тартипке салгыла, же чарбалык иш менен алек бололу», — деди Адахан Мадумаров.

Жыйынга төрагалык кылып жаткан Нурбек Сыдыгалиев суроолор кайталанып жатканын моюнга алып, бул мыйзам долбоору үчүнчү окууга киргизилгенде да ушул эле суроолор берилерин айтты. Бирок суроолорго чек коюу добуш берүү менен чечилерин эске салды.

Copyright © 2017 Maral FM