Бүгүн, 15-мартта Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгынын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги саясий иш-чаралар, анын ичинде Кыргызстандын ЕАЭБге төрагалыгынын алкагында боло турган форум талкууланды.
Тараптар министр Казакбаевдин жакында Орусияга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгында кабыл алынган макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашты.