Биз менен байланышыңыз

«Унаа» ишканасы жеке маалыматтарды алдамчыларга бербөөгө чакырат

Кыска кабар | 15 Мар 2022 | 228 | 0

«Унаа» мамлекеттик ишканасы жарандарды жеке маалыматтарын алдамчыларга бербөөгө чакырат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Унаа» мамлекеттик ишканасынын атын жамынган алдамчылар жарандардын ишенимине кирип, жасалма айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз тараткан факты катталган.

Буга байланыштуу ишкана аймактык бөлүмдөргө барбай туруп, айдоочулук күбөлүк алуу мүмкүн эмес экенин эскертет.

Айдоочулук күбөлүк жана башка кеп-кеңештерди алуу боюнча жарандар 0312633931 телефон номуруна кайрылса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM