Биз менен байланышыңыз

Мугалимдердин кагаз иштери кыскартылды

Кыска кабар | 15 Мар 2022 | 1117 | 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери тарабынан жүргүзүлүүгө (толтурулууга) милдеттүү болгон документтердин тизмесин бекитүү жөнүндө» Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 28-декабрындагы №1097/1 буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө буйрукка кол койду.

Буйрукка ылайык, предметтик мугалимдер класстык журналды жүргүзүшөт, календардык-тематикалык планды жана сабактын план-конспектин түзүшөт, ал эми класс жетекчилер класстык журналды жүргүзүшөт, окуучулардын өздүк делосун жана класстын социалдык паспортун толтурушат.

Класстык журнал электрондук вариантта толтурулган учурда аны чейректин аягында кагазга чыгарып, окуу бөлүмүндө сактоо зарыл.

Календардык-тематикалык план окуу жылынын башында жаңыланат, аны мектептин жетекчиси бекитет.

Мектептеги үзгүлтүксүз эмгек стажы 5 жылга жете элек предметтик мугалим сабактын толук план-конспектин жазат. Ал эми мектепте 5 жылдан ашык иштеген мугалим план-конспект жазбастан, сабакты чыгармачылык менен өтө алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM