Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан бир бейтап каза болду

Кыска кабар | 15 Мар 2022 | 217 | 0

Кыргызстанда 15-мартка карата коронавирус 16 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 8, Чүй облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 43 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда 121 бейтап, амбулатордук түрдө 167 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 758 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 916 киши айыгып чыкса, 2 миң 974 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM