Биз менен байланышыңыз

Ири өлчөмдөгү баңгизат сатууга шектүүлөр кармалды (видео)

Кыска кабар | 14 Мар 2022 | 162 | 0

Жалал-Абад облусунда атайын операциянын жүрүшүндө ири өлчөмдөгү баңгизат сатууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Д.М. жана А.Т.дан скотч менен оролгон 2 таңгак алынган. Биринчисинде 842,2 грамм салмактагы героин, экинчисинде 708,2 грамм салмактагы ооган гашиши болгон. Кармалгандардын биринин жашаган жерин тинтүү учурунда сарайдан бир таңгак 98,2 грамм героин табылган», — деп айтылат маалыматта.

Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 1 килограмм 751,508 граммды түзгөн. Анын ичинен: 942,188 граммы героин жана 809,32 граммы гашиш болгон.

Кармалган Д.М. мурда Казакстанда баңгизат боюнча соттолуп, издөөдө жүргөн. Шектүүлөр Ош шаардык ИИБнин тергөө абагына камалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM