Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда аңчылыкка мораторий жарыяланышы мүмкүн

Коом | 14 Мар 2022 | 662 | 0

Кыргызстанда айрым жаныбарлар азайып бараткандан улам аңчылыкка үч жылдык мораторий киргизүү сунушталды. Депутаттар демилгелеген мыйзам долбоору 11-мартта Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду. Бул багыттагы мыйзам буга чейин көп жолу сунушталып, колдоо тапкан эмес. 

Экологиялык уюмдар жана жарандык активисттер аңчылыкка мораторий жарыялоо боюнча сунушун депутаттарга буга чейин эле берип келишкен. Алар өлкөдө «башаламан, жапайы» аңчылык жүрүп жатканын, жаныбарлардын айрым түрлөрүн атууга тыюу салуу керектигин кулак кагыш кылышкан. Бул жаатта 2016-жылы жана 2017-жылы мыйзам долбоору жазылып, бирок парламентте колдоо таппай калган.

Мыйзамдын демилгечилеринин бири, эл өкүлү Эмил Токтошев эгер долбоор күчүнө кирсе, иштөө мөөнөтү 3 жылга чейин созуларын айтты.

«Бул демилге учурда өлкөдөгү жапайы жаныбарлардын азайып баратканына тынчсызданган коомчулуктун кайрылуусу боюнча кайрадан иштелип чыкты. Биз мыйзам долбоорду кайрадан карап чыгып, оңдоп-түздөө иштеринен кийин коомдук талкууга койдук. Бүгүнкү күндө өкмөт тарабынан да колдоо көрсөтүлүп жатат. Чынында, айрым жаныбарлардын жоголуп баратышына баары ынанды. Жогорку Кеңештин депутаттары колдоп беришет деген ойдомун. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып, ишке кирсе, иштөө убактысы 2023-жылдан тарта 3 жылга чейин уланат. Дагы байкап көрөбүз. Үч жылдан кийин жакшы жыйынтык болсо, калганын ойлонуп көрөбүз».

Мыйзам кабыл алынса, кайберендерге, илбээсиндерге, доңузга, дагы башка ушул сыяктуу азайып бараткан жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салынат.

Демилгечилердин дагы бири, депутат Мирлан Самыйкожонун айтымында, мыйзам бузгандарды жоопко тартуунун жол-жобосу мыйзам күчүнө киргенден кийин гана белгилүү болот.

«Кыргызстандын жаратылышындагы жаныбарларды коргоп калуу максатында аңчылыкка 3 жылдык мораторий киргизүүнү демилгелеп жатабыз. Бул үчүн атайын мыйзам долбоорун да коомдук талкууга койдук. Бул мыйзам күчүнө киргенден кийин гана тиешелүү бөлүмдөргө тапшырылып берилет. Ал жерден кандай чаралар көрүлөт, канча өлчөмдө айып пул салынат, баары такталат. Азыркы учурда коомдук талкууга коюлду. Сиздер да журналист катары элден келген пикирлерди, сунуштарды бизге берсеңиздер болот».

Адистердин пикиринде, жергиликтүү жана чет өлкөлүк мергендердин кесепетинен аңчылык кылуу мыйзамы жана эрежеси сакталбай, табият корголбой, «жапайы соодага» айланып кеткен.

«Мурас кыймылы» коомдук бирикмесинин жетекчиси, эколог Гамал Сооронкулов аңчылыкка мораторий киргизүү маселесин бир нече жолу көтөргөн. Ал буга чейинки мыйзам эмне себептен колдоо таппай келгенин мындай түшүндүрдү.

«Ача туяктуу жаныбарлардын кескин азайып кеткенин өзүм көрүп жүрөм. Бул — өтө чоң көйгөй. Мораторий киргизүү боюнча 2016-жылы биринчи, 2017-жылы экинчи аракет болгон. 2019-жылы да аракет болуп, бирок депутаттар колдобой коюшкан. Эртең комитетте каралат деген күнү, добушка коюлат деген күнү 64 депутат макул болушкан. Эртеси күнү добушта мораторийди 24 гана депутат колдогон. 51 мергенчилик чарба болсо, баары бай аткаминерлерге, депутаттарга тиешелүү да. Ошондуктан алар сүйлөшүп, суранып, акча сунуштап, 40 добушту тартып алышкан. Биз ошондо дагы бир жолу утулуп калганбыз. Бүгүнкү күндө VII чакырылыштын депутаттарына ишенич болуп турат».

Мындан тышкары эколог Сооронкулов 3 жылга созулган мораторийдин жыйынтыгы жакшы болсо, анда анын мөөнөтүн узартууну туура көрөт.

«Жакында жазгы жана күзгү санак болот. Азыркы санактарды өтө кылдаттык менен, жаңы технологиялардын жардамы менен өткөрөбүз. Мурдагы санактарды жакшы билебиз. Болжолдуу түрдө санап коёт элек. Азыр 100% болбосо да, чындыкка жакын сандарды такташыбыз керек. 3 жылдан кийин дагы салыштырып көрөбүз. Өздөрү эле билинип калат. Мисалы, 2020-жылы коронавирус пандемиясы күчөп турганда 30-35 жылдан бери түшпөгөн кийиктер айрым капчыгайларга түштү. Жаныбар да билет экен адам атпасын».

Учурдагы мыйзам боюнча жапайы аңчылык кылгандарга 20 миң сомдон 30 миң сомго чейин айып пул салынат. Мындан тышкары браконьерлер табиятка зыян келтиргени үчүн да айып төлөйт, тактап айтканда, атылган ар бир тоо теке үчүн 100 миң сом айыпка жыгылат.

Кыргызстанда жалпы 52 аңчылык чарба болсо, көпчүлүгү жеке менчик. Алар көбүнчө чет өлкөлүк туристтерге аңчылык уюштуруп беришет.

Жаңы сунушталган мыйзам долбоору колдоо тапса, 2023-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет жана 2025-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM